Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн кызматкерлерине карата ачылган кылмыш иши сотко өттү

29 мая 2019 16:26 1227 Barometr
Поделиться в:
ok

Түштүк-Батыш көрүстөнүндө иш алып барган "БАРУ" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине карата ачылган кылмыш иши сотко өттү.

2019-жылдын 28-февралында директорго жана көзөмөлдөөчү сакчыга карата айыптоочу бүтүм чыгып, ушул эле күнү кылмыш иши айыптоону бекитүү жана андан соң ишти Ленин райондук сотуна өткөрүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасына берилген.

5-мартта бригадир А.Ф. КР ЖК 43-берене 4-бөлүк, 320-берене 2-бөлүк, 173-берене 2-бөлүгүндө каралган кылмыштарга жасоого шектелип жаткандыгы тууралуу билдирилген.

2019-жылдын 27-мартында айыптоо бүтүмү чыгып, ушул эле күнү кылмыш иши айыптоону бекитүү жана андан соң ишти Ленин райондук сотуна өткөрүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасына берилген.

Ачыкка чыккан мыйзам бузуу фактылары боюнча «БАРУ» МИ директору, сакчысы жана бригадир ээлеген кызматтарынан бошотулушкан.

Башка кылмыш иши боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Ленин райондук прокуратурасы менен бирге текшерүү жүргүзүп, Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн «БАРУ» муниципалдык ишканасынын кызмат адамдары маркумдардын жакындарынан акча талап кылып, көрүстөндүн аймагында жол, ирригациялык түйүн сыяктуу инженердик коммуникациялар жайгашкан тилкелерден сөөк коюуга жер бөлүп берип жүргөнү аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө ишкананын азыркы жана мурдагы кызматкерлери суралып, жеринен текшерүү жүргүзүлгөн.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында, 29-апрелде көр казуучулардын бригадири А.А.га ЖК 204-беренесинин 1-бөлүгү (бир нече эпизод) боюнча каралган кылмыштарды жасоого шектелгендиги тууралуу билдирүү берилген жана 30-апрелде Биринчи Май райондук соту ага карата «өлкөдөн чыкпоо» бөгөт чарасын аныктаган.

8-майда жаран А.А. айып тагылып, кылмыш иши Ленин райондук сотуна өткөн.

Ссылка: https://barometr.kg/tshtk-batysh-krstnnn-kyzmatkerlerine-karata-achylgan-kylmysh-ishi-sotko-tt



Добавить комментарий