Төшөк мамилесинде аял менен эркек кетирген негизги каталар кайсылар?

3 августа 2019 11:00 14292 Barometr
Поделиться в:
ok

Аял да, эркек да төшөктө мамилелер жакшы болгонун каалайт. Бирок сезимдердин туу чокусуна жетебиз деп жатып алар бир канча ката кетирип алышат. Мындай каталардан кутулууга төмөнкү кеңештер жардамга келет.Аялдар жана эркектер төшөк мамилесинде эң көп кетирген каталар кайсылар?

1 Сөздү аз сүйлөө

Дал ушундай. Коммуникация туура болбогондуктан төшөктөгү туура эмес маселелер жаралат. Биз баарыбыз идеалдуу шериктерди күтөбүз жана андан кем эмес идеалдуу сексуалдуу жоруктарды күтөбүз.Дал ушул образга ичибизден байланып алабыз. Бирок төшөктө андай болбой калганда биринчи көңүл калуу ошондон башталат. Бул үчүн кандай эркелеткен жага турганын айтып берүү же алдын ала сүйлөшүп алуу жакшы көмөк берет.

2. Сөздү көп сүйлөө  

Кийинки ката бул жогорку катанын карама-каршысы. Айрым адамдар төшөктө көп сүйлөгөндү жактырышат. Дал ушул сөздөр эки жуптун төшөктөн ырахат алышына тоскоолдук жаратат.Анысы аз келгенсип бул жатталма, жасалма сөздөр болсо иштин начар жагына айланганынын белгиси.

3.Жаңы сезимдерден коркуу

Сексуалдык планда бир беткей болуу да ката болуп саналат.Албетте обу жок тажырыйба жасаганга сизди эч ким чакырып жаткан жок. Бирок эки жупка жагымдуу жаңылыктарды киргизип туруу мамилени жакшыртат.

4. Каалап жаткан нерсени айтпай коюу

 

Көпчүлүк жубайлар бири-биринин кумар ала турган жерлерин жашырып коюусу да чоң ката болуп саналат.Көпчүлүк жуптар төшөктө тартиптүү көрүнгүсү келип чыныгы каалоолорун жашырып коюшат.

5. Эркелетпей коюу 

Кийинки көп кездешкен ката дененин башка бөлүктөрүнө көңүл бурбай, назиктик менен эркелетүүнү аткарбай туруп кумарга баруу.Чыныгы жомоктогудай төшөк кумары эркелетүүсүн мүмкүн эмес. “Ыкчам” секс каалоону өчүрө турган аракеттердин бири болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/tshk-mamilesinde-ayal-menen-erkek-ketirgen-negizgi-katalar-kajsylar



Добавить комментарий