Төшөк кумарын созуунун жолдору

13 сентября 2019 12:29 47438 3 Barometr
Поделиться в:
ok

Эркек каладыбы, аялын чечинтип ишин бүтүрө салат. Бул жагынан табият аянган эмес. Ал эми аялдын жыныстык катынашта канчалык канааттанусу эркектин «ишинин» узакка созулусуна байланыштуу. Келип калган кумарды кармай албай, тез бүтүрүп койгон жигиттер үчүн бир нече кеңештерди сунуштайбыз. Бул аялыңыздын кумар алуусуна, ортодогу никенин, мамиленин андан дагы бекем болушуна жардам берет.

1. Секс тууралуу ойлобоо

Эң оңой ыкма. Жыныстык катнаш учурунда оюуңузду бөлүп жаткан ырахатты таптакыр башка жакка буруңуз. Футбол тууралуу, кино тууралуу ойлоңуз, керек болсо ичиңизден жатка билген ырды кайталаңыз. Башкысы, үн чыгарбай, болгону ичиңизден айтыңыз. Аялыңыз түшүнбөй калбасын.

2. Атайы куралдар

Төшөк катынашын баштагандан мурун 2 даана презерватив кийип алыңыз. Ал эркектин жыныстык мүчөсүнүн сезимин төмөндөтүп, эрекциянын узаруусуна алып келет. Тагыраагы, жыныстык катнаш узарат.

3. Көнүгүү

Жыныстык катнаш убактысын көзөмөлдөө үчүн атайы көнүгүү бар. Ал өтө жөнөкөй.

Кичи даратты чыгарып жатып, ортосунда токтой калыңыз. Ушундай 1-2 мүнөт чыдап көрүңүз. Аны колуңуз менен эмес, мүчөнүн булчуң эттерин жыйрылтуу арыклуу жасайсыз. 1-2 мүнөттөн кийин ишиңизди уланта бересиз. Ушул көнүгүүнү күнүнө бир нече ирет кайталасаңыз, мүчөңүздүн булчуң эттерин көзөмөлдөөнү адат кылып, жыныстык катнашты узарта аласыз.

4. Секс алдындагы мастурбация

Жыныстык катынашка түшпөй туруп, мастурбация аркылуу бүтүрүп алыныз.Экинчи жолу бари бир узак болот. Бирок, экинчиге күчүңүз жетпей калбасын, ошол жагын да ойлоңуз.

6.Эң жөнөкөй жол

Секс менен алектениңиз. Туруктуу түрдө төшөк катнашы менен алктене турган болсоңуз, бүтүрүү жагынан кыйынчылыктар жаралбайт.



Ссылка: https://barometr.kg/tshk-kumaryn-sozuunun-zholdoru



Добавить комментарий