Төшү чоң аял бактысыз экенин айтты. Ал операцияга акча чогултууда
Англиянын Норт-Йоркшир графствосундагы Селби шаарында жашаган аял көлөмдүү төшүнөн улам бактысыз экенин айтып, учурда аны кичирейтүү үчүн кайрымдуу кишилерден акча чогултуп жатат. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды.
Психиатрдын жардамчысы болуп иштеген Даниэль Салливан он жашынан тарта төшү чоңоюп баштаганын айтат. Мектепте окуп жүргөндө классташтырынын кеп-сөзүнө чыдаганга аргасыз болсо, жогорку класста окуган балдар андан кыя өтүшчтү эмес. Андыктан Салливан көлөмдүү төшүнөн улам бактысын таба албай жүргөнүн белгилеген.
Учурда анын төшү 8XL, ал өз кезегинде бир топ эле ыңгайсыздык жаратат. 15 мүнөт жөө баскандан кийин бели, омурткалары сыздап, буттары калтырап кетет.
Салливан төшүнөн улам боору ачык кийимдерди таптакыр киё албайт, ошондой эле туура келген кийим табуу да бир топ оорчулук жаратат. Эркектердин адаттан тыш көңүл буруусунан улам коомдук жайларга баруудан тартынат.
Даниэль Салливан мамлекеттин эсебинен төшүн кичирейтүүчү операция жасатууга аракет кылган. Бирок мындай операциялар косметикалык операцияларга киргендиктен мамлекет баш тарткан.
Эми ал төшүн кичирейтүү үчүн сегиз миң фунт каражат табышы керек.
Ссылка: https://barometr.kg/tsh-cho-ayal-baktysyz-ekenin-ajtty-al-operaciyaga-akcha-chogultuuda
Добавить комментарий ×