Төрөт учурунда чарчап калган баласын бооруна кыскан актрисанын сүрөтү көптү жашытты

1 мая 2020 13:19 2447 Barometr
Поделиться в:
ok

Америкалык 32 жаштагы актриса Кара Киф социалдык баракчасына көпчүлүктү ыйлаткан сүрөт жарыялады.

Анда төрөт учурунда чарчап калган баласын боорун кысып отурган актрисаны жана ымыркайдын колун кармап, жубайын кучактаган футболчу Кайл Босвортту көрүүгө болот.

Кара өзүнүн күйүтү менен бөлүшүп, ошол эле учурда турмуштун мындай сыноосун баштан өткөргөн жубайларды колдоду. Актриса андан сырткары күйөөсү менен кеңешип, алардын ымыркайы донор боло турганын дагы жар салышты. Мындай жол менен ал кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калат деп жубайлар ишенет.

Түгөйлөрдүн төрт жаштагы кызы бар. Кара боюнда бар экенин былтыо октябрь айында жар салган.

Ссылка: https://barometr.kg/trt-uchurunda-charchap-kalgan-balasyn-booruna-kyskan-aktrisanyn-srt-kpt-zhashytty



Добавить комментарий