Төрт сосиска сатып алыш үчүн тендер жарыяланды

3 июля 2021 12:17 1290 Barometr
Поделиться в:
ok

Украинада таң калыштуу тендер өткөрүлдү. Өлкөнүн түштүгүндөгү Херсонская областындагы мектеп-бала бакча болгону төрт сосиска сатып алыш үчүн тендер өткөрдү. Бул тууралуу chasdiy.org  булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.

Аталган мектеп-бала бакчада окугандардын саны-200дөй окуучу.  

Тендер Prozorro системасы боюнча жарыяланган.Тейлөөнүн тапшырык берүүчүсү-Херсонская областынын Кочубеевский билим берүү округунун I-III баскычтагы мектеп-бала бакчасы болду.

Аукциондо анын жалгыз катышуучусу “Лисовол” жеке ишканасынын жетекчиси Оксана Анатольевна жеңүүчү деп табылды. Ал төрт сосисканы болгону 32 гривенге (Украинанын акча бирдиги) сатып берүүгө макулдук берди.

Ссылка: https://barometr.kg/trt-sosiska-satyp-alysh-chn-tender-zharyyalandy



Добавить комментарий