ТүркПА жыйыны Казакстанда өтөт

19 декабря 2019 10:20 1934 Barometr
Поделиться в:
ok


 Азербайжандын баш калаасы Бакуда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы Баку декларациясын кабыл алды.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.  

Анда парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары дагы тереңдетүү менен моделдик мыйзамдарды иштеп чыгуу, маданий баалуулуктарды биргеликте сактоо, парламенттердин аппарат кызматкерлеринин өз ара тажрыйба алмашуусун камсыздоо сыяктуу милдеттемелер бар. Ошондой эле аталган документте ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү максатында Түрк соода-өнөр жай палатасынын түзүлүшү маанилүү экени баса белгиленген. 

Андан тышкары, Кыргызстандын 2014, 2016 жана 2018-жылдары Ысык-Көлдө Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөргөнү айтылып, 2020-жылы Түркия жергесинде өтүүчү бул маданий-спорттук иш чарага ТүркПАга мүчө өлкөлөр катышууга чакырылды. 

Муну менен катар 47 пункттан турган Баку декларациясына ылайык, 2020-жылы кезектеги ТүркПА жыйынын Казакстанда өткөрүү пландаштырылды. Ал эми Ассамблея Кеңешинин жыйынында жана IX пленардык отурумунда ТүркПАга мүчө өлкөлөр - Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан республикаларынын парламент төрөгалары сөз сүйлөштү.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттер аралык кызматташуу, мыйзамдарды шайкеч келтирүү жана маданий байланыштарды бекемдөө ТүркПАнын эң негизги милдеттерине айланганын белгиледи. “Тарыхыбыз, тилибиз, маданиятыбыз бирдей  боордош элдербиз. Парламенттик дипломатияны натыйжалуу колдонуу аркылуу жана мыйзамдарыбызды шайкеш келтирүү менен биз өлкөлөрүбүздүн саясий, соода-экономикалык байланыштарын мындан ары дагы бекемдей бермекчибиз", - деп кошумчалады Төрага. 

Отурумдун жүрүшүндө Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп Парламенттик Ассамблеянын төрагалыгын Азербайжан Улуттук Межилисинин төрагасынын милдетин аткаруучу Октай Асадовго өткөрүп берди. Эске салсак, ТүркПАнын Бакудагы жыйынына Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары С.Айдаров, Т.Тиллаев, Р.Чойбеков, И.Маннанов, Э.Тагаев, Т.Шайназаров жана С.Шер-Нияз катышты.

Ссылка: https://barometr.kg/trkpa-baku-deklaraciyasyn-kabyl-aldy



Добавить комментарий