Түркмөнстанды туз аралашкан кумдуу бороон каптады

28 мая 2018 17:10 1466 Barometr
Поделиться в:
ok

27-майга оогон түнү Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен катуу шамал болуп, аймакты туз аралашкан кумдуу бороон каптады. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Дашөгүз облусу Түркмөнстандын экологиясы начар аймагы болуп эсептелет. Облуста Арал деңизинин соолушунун кесепеттери көбүрөөк сезилет. Жергиликтүү тургундар суунун сапатынын начардыгына жана жер кыртышынын шор экенине даттанып келишет. Мындан улам аймакта туз аралашкан кумдуу бороондор байма-бай болуп келет. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысы бороон жекшемби күндүн экинчи жарымына чейин уланып, аймакка туз жана кум учуруп келип турганын билдирди. Туз аралашкан кумдуу бороон жекшемби күндүн экинчи жарымына чейин уланган.

«Туз пахта жана буудай талааларын, ошондой эле жемиш бактарын каптап калды. Көчөнүн баары аппак, тузга толгон", деп жазды басылма.

Ссылка: https://barometr.kg/trkmnstandy-tuz-aralashkan-kumduu-boroon-kaptady



Добавить комментарий