Түркмөнстан башчысынын аргымагы Гиннесттин рекорддор китебине кирди
Поделиться в:
Түркмөнстан президентинин аргымагы Гиннесттин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Анда айтылгандай, Түркмөнстан башчысы Гурбангулы Бердымухамедовго тиешелүү сертификатты уюмдун расмий өкүлү тапшырды. Президенттин ахалтекин тукумундагы аргымагы арткы туяктарына гана таянып 10 метр аралыкты 4 секунда ичинде ашып өткөн.
Маалымат үчүн: Буга чейинки дүйнөлүк рекорд Дубайдагы аргымакка таандык болуп келген. Ал бул аралыкты 9 секундада багындырган.
Ссылка: https://barometr.kg/trkmnstan-bashchysynyn-argymagy-ginnesttin-rekorddor-kitebine-kirdi
Добавить комментарий ×