Түркмөн кызы АКШда эң сулуу деп таанылды
Поделиться в:
Туркмен кызы Нарине Ишанова сулуулар сынагында америкалык Юта штатынын сулуусу катары өзүн таанытты. Ал “Мисс Юта” титулуна жетээрден мурда 6 жолу аракет жасагандыгын Centre1.com билдирди.
Түркмөн сулуусу АКШга 11 жашында үй бүлөсү менен келип, андан бери көптөгөн сын пикирлерге кабылып, басынтууларды башынан кечиргенин айтат. 3 жыл жашагандан кийин гана ал штаттагы сулуулардын катарынан орун алган.
«Мисс Юта» тажысын алган түркмөн кызы «Мисс АКШ» сынагында сулуулар арасында ат салышты, бирок сулуулардын биринчи үчүлүгүнө кирбей калды.
Ссылка: https://barometr.kg/trkmn-kyzy-akshda-e-suluu-dep-taanyldy
Добавить комментарий ×