Түркиянын Кыргызстандагы дипломаты мас абалында унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалды

14 сентября 2018 13:10 1732 Barometr
Поделиться в:
ok

 Түркиянын биздин өлкөдөгү дипломаты мас абалында унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен билдиришти.    

Маалым болгондой, 12-сентябрда Бишкекте Түркия жараны Каража Эрканды жол инспекторлору токтоткон. Мас абалындагы айдоочу дипломаттык паспортун көрсөткөн. Анын унаасы айып токтотмого жеткирилди.  Ал эми мамлекеттик протокол департаменти Түркия элчигилине тиешелүү кайрылуу жасайт. Анткени, дипломат өлкө мыйзамын бузду.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyanyn-kyrgyzstandagy-diplomaty-mas-abalynda-unaa-bashkaryp-bara-zhatkan-zherinen-karmaldy



Добавить комментарий