Түркиянын "Ишбанкасы": Саймаити Матраимовдун фондуна акча которгон эмес

4 июня 2020 19:10 3006 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркиянын “Ишбанкасы”  Саймаити Исмаил Матраимов атындагы фондго акча которуулар болбогонун айтты. Бул тууралуу Матраимовдун өкүлдөрү билдиришти.


Ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жүрүшүндө, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети иликтеп жаткан “Азаттыктын” журналисти Али Токтакуновду пара алды деп айыптады.


“Айеркен Саймаитиден бир дагы тыйын алган эмесмин. Бирок, жүзгө жакын домукенттердин нускасын алгам. Анын аркасы менен татаал коррупциялык схеманы ачыктадык” – деп жооп берген Токтакунов.


Ошондой эле “Свобода” радиосунун президенти Джейми Флай Матраимовтордун өкүлүнө жөнөткөн катында, көрсөтүлгөн кагаздар жасалма экенин, алар соттошуудан коркпоорун билдиришкен.


“Биз депутаттык комиссиянын жана укук коргоо органдарынын ишине кирише албайбыз, бирок Райымбека Матраимовдун өкүлү катарык “Азаттык” чыгардан документтер фейк экенин коомго билдирүүнү чечтик. Тергөөдө 7 төлөм кагаздары көрсөтүлгөн, ага ылайык Саймаити кайрымдуулук банкынын эсебине 2,3 миллион доллар которгон деп божомолдошкон. Дал ошол документтер менен Матраимов менен Саймаитини 700 миллион долларды алып чыгып кетишкен деп байланыштырган. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен 200 миллион долларды  Вуфули Буалиамдын атынан эсепке которулганы ачыкка чыкты. Которулган акча каражаты Түркиянын банктарынын биринен жиберилбегенин, деги эле мындай которууларды кылуунун аракети болбогонун “Ишбанк” банкы тастыктап берди. “Азаттыктын” өкүлдөрү Нью-Йорктун сотуна жогоруда айтылган 7 документ менен кайрылганын, анын жообу азыркыга чейин белгисиз экенин”, –  Матраимовдун өкүлдөрү билдиришти.


"Азаттык" америкалык сотко берген кайрылуусунун натыйжаларын коомчулукка ачыктоосун, түркиянын банкы берген документти эске алуусу менен соттук отурумга келүүсүн Райымбек Матраимовдун өкүлдөрү талап кылышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyanyn-ishbankasy-sajmaiti-matraimovtun-fonduna-akcha-kotoruular-bolbogonun-bildirdi



Добавить комментарий