Түркиянын футболдук клубунун машыктыруучусу жер титирөөдөн 15 жакынын жоготту
Түркиядагы жер титирөөдө "Сивасспор" футбол клубунун машыктыруучусу Айхан Тенбелоглу үй-бүлөсүнүн 15 мүчөсүн жоготту. Бул тууралуу ensonhaber басылмасы жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Мындай маалыматты, Түркиянын улуттук командасынын башкы машыктыруучусу Рыза Чалымбай билдирген.
"Бул абдан өкүнүчтүү окуя. Баарыбыз шок абалында турабыз. Менин жардамчым Айхандын 15 үй-бүлө мүчөсү каза болду”, -деп айтылат маалыматта.
Буга чейин, эртең менен Түркияда дагы жер титирөө болуп, жети күндүк аза күтүү жарыяланган. Түркияда жана коңшу Сирияда жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 4 миңден ашты.
Түркиядагы имараттардын урандыларынын астында ондогон спортчулар – волейболчулар, балбандар жана футболчулар болгону кабарланды.
Ссылка: https://barometr.kg/trkiyanyn-futbolduk-klubunun-mashyktyruuchusu-zher-titirdn-15-zhakynyn-zhogottu
Добавить комментарий ×