Түркиядан келген 211 жарандын бардыгы үй карантинине чыгарылды
Поделиться в:
Түркиядан жакында учуп келген 211 жарандын бардыгы тең үй карантинине чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«Түркиядан учуп келген 211 жаран лабораториялык изилдөөдөн өтүп, жыйынтыктарын алгандан кийин баары үй карантинине чыгарылды. Аларга түшүндүрүү иштери жүрүп, анкеталар толтурулду. Ошондой эле атайын мобилдик тиркеме колдонууда”, - деди ал.
Эске салсак, 17-апрелде Стамбул – Бишкек багыты менен 200дөн ашык кыргызстандык келген. Алар келери менен “Ак Кеме” мейманканасына обсервацияга алынган.
Ссылка: https://barometr.kg/trkiyadan-kelgen-211-zharandyn-bardygy-j-karantinine-chygaryldy
Добавить комментарий ×