Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 76га жетти

2 ноября 2020 09:32 1135 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркиянын батышындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 76га жетти. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар боюнча агенттигине шилтеме берүү менен Anadolu агенттиги жазып чыкты.

Буга чейин 73 адам каза болуп, 961 адам жаракат алганы кабарланган.

Жабыркагандардын саны 962ге жетти.

30-октябрь күнү түштөн кийин Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын эпицентри Эгей деңизинде, Измир облусунун Сеферихисар шаарына жакын жерде болгон.

Жер титирөө жакынкы Грециянын аралдарында да сезилген. Грек сейсмологдору анын күчү 6.9 деп баалашкан.

Измирде кеминде 20 имараттын кулагандыгы кабарланды. Жер титирөө кичинекей цунамини козгоп, Сеферихисардын жээк көчөлөрүн суу каптаган.

Грециянын Самос аралында да кыйроо катталып, ал жерде эки адам каза болуп, 20 адам жаракат алган.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-zher-titirdn-kaza-bolgondordun-sany-76ga-zhetti



Добавить комментарий