Түркияда жер титирөөдөн 76 адам каза болуп, Газиантеп тарыхый чеби урап калды

6 февраля 2023 12:53 568 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркиядагы Газиантеп тарыхый чеби жер титирөөдөн кыйрап калды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыккан маалыматка таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, жер титирөөдөн жапа чеккен Газиантепте тарыхый чеп урап калганы белгилүү болду.

Газиантеп ЮНЕСКОнун “байыркы шаарлар” тизмесине кирет.   

Түркиянын Кахраманмараш провинциясында саат 04:17де күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болуп, бир катар шаарларда кыйроолорго алып келди.   

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жети облуста 76 адам каза болуп, 440 адам жаракат алган.  

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-zher-titirdn-76-adam-kaza-bolup-gaziantep-taryhyj-chebi-urap-kaldy



Добавить комментарий