Түркияда кыргыз жараны бир жумадан бери комада, жардам керек

12 сентября 2018 11:55 4648 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Анкара шаарында “Нумуне” ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө Ажымалиева Жыпариза аттуу  кыргыз жараны бир жумадан бери эсине келбей комада жатканын фейсбук социалдык түйүндүн колдонуучусу Назгуль Мамытова билдирди.

Анда: “Мекендешибиз Ажымалиева Жыпариза эже бир жумадан бери эсине келбей комада жатат. Оорукананын дарыгерлери күнүнө 400 АКШ долларын төлөйсүңөр деп жатышыптыр. Жыпар эженин ал жакта эч кимиси жок, кызы бул жактан учуп барайын десе билет баасы 30 миң сом экен. Барган күндө деле бере турчу акчасы жок. Кандай кылсак болот, кандай жардам бере алабыз? Жыпариза эже өзү журналист. Кыргыз радиосунда, гезиттерде иштеп калган. Турцияга иштегени кеткенине 3 айдын жүзү болуптур”,- деп жазды.



Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-kyrgyz-zharany-bir-zhumadan-beri-komada-zhardam-kerek



Добавить комментарий