Түркияда каза тапкан жаш жигиттин туугандарын издеп жатышат
Поделиться в:
Түркиянын Аланья шаарында кылмышкердин колунан мерт болгон кыргызстандык Мухтарбек Иманалиевдин жакындары изделүүдө. Мекендештердин бири Фейсбук социалдык тармагына азыркы учурда анын туугандары изделип жатканын кабарлады.
Эскерте кетсек, 7-июлда эртең менен Түркиянын Аланья шаарынын Конаклы районунда кыргызстандык жигитти атып кетишкен. Иманалиев окуя болгон жерде көз жумган.
Ушул эле күнү кылмыш жасоого шектелген 40 жаштагы А. Ю.кармалды.
Учурда каза тапкан жигиттин сөөгү Анталиянын Сот медициналык институтунун моргунда экенин кошумчалашты.
Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-kaza-tapkan-zhash-zhigittin-tuugandaryn-izdep-zhatyshat
Добавить комментарий ×