Түркияда үгүт митингдери аяктап, эртен 24-июнда мөөнөтсүз шайлоо башталганы турат

23 июня 2018 21:05 1686 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Түркияда үгүт митингдери аяктап, эртен   24-июнда  мөөнөтсүз шайлоо башталганы турат. Өлкөнүн учурдагы президенти  Эрдоган шайлоону биринчи айлампада эле утууга умтулууда. Анкарада өткөн үгүт иштеринде Эрдоган өлкөнү Сирия жана Ирак террордук согуштарынан, ошондой эле өлкөнүн ички коопсуздугун чыңалтууда, мамлекеттин тынчтыгын жөнгө салууда  көп күч аракеттер жумшалаарын убада берген. Ал эми Измирде  Эрдогандын башкы атаандашы Республикалык Элдик партиянын талапкери Мухаррем Инженинин  эң ири үгүт митингине жүз миңдеген киши жыйналды.Мухаррем Инжеден тышкары дагы төрт  талапкер бар. Алардын бири - Элдик демократиялык партиянын талапкери Салахиттин Демирташ шайлоого түрмөдөн катышууда. Стамбулда шайлоонун алдында жогоруда аталган партиянын колдоочулары Демирташтын кайрылуусун угушту. Видео түрмөдө тартылган жана аны Түркиянын мамлекеттик телеканалы дагы обого чыгарды. Мындай көрүнүш Түркиянын заманбап тарыхында биринчи жолу болуп жатат.



Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-gt-mitingderi-ayaktap-erten-24-iyunda-mntsz-shajloo-bashtalgany-turat



Добавить комментарий