Түркияда эркек кыргызстандык келинин өлтүрүп, сөөгүн бөлүп салган

13 октября 2021 10:41 3582 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркияда эркек киши Кыргызстанда туулган жаранды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Түркиянын ЖМКларына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Окуя Текирдаа шаарында болгон, 65 жаштагы Фехми 31 жаштагы келини, Кыргызстанда туулган Аят А. менен уруша кеткен. Келиндин эки баласы болгон. Ошол күнү анын жолдошу үйдө болгон эмес.

Фехми менен Аяттын айтышы чатакка айланып, эркек киши анын бычактап өлтүргөн. Андан соң сөөгүн жашырыш үчүн аны жиликтеп бир бөлүгүн таштанды челекке ыргытып, экинчи бөлүгүн унаанын багажнигине каткан.

Ошол кезде келип калган кайын энеси окуяны көрүп, кошуналарына айткан, алар полиция чакыртышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-erkek-kyrgyzstandyk-kelinin-ltrp-sgn-blp-salgan



Добавить комментарий