Түркияда кечки тамакка жаш түгөйлөрдү чакырып, зордуктап анан өлтүрүп коюшкан

8 января 2021 12:33 13142 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркияда бөлөсүнө турмушка чыгууга мажбур болгон кыз сүйүктүүсү менен качып кеткен. Андан кийин үй-бүлө түгөйлөрдү элдешүү тамагына чакырып, анан жигитти зордуктап, экөөнү тең өлтүрүп коюшкан. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги  жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Түркиянын Байрамозу айылынын 24 жаштагы кызына туугандары тарабынан басым болуп, аны бир тууган бөлөсүнө никеге турууга мажбурлашкан. Бирок, кыз жигити менен качып кетүүгө үлгүргөн.

Түгөйлөр жакын жердеги шаарга жаңы жылдык кечеге келишкенде, үй-бүлө аларды элдешүү иретинде конокко келүүгө чакырган. Жаман оюу жок келген жаштарды бычактап өлтүрүшкөн, ал эми жигит өлүм алдында зордукталган. Андан кийин алардын сөөгүн айылдын сыртына жашыруун көмүп коюшкан.

Бул кандуу окуяга тийиштиги бар туугандар полиция тарабынан кармалып, күнөөлөрүн моюнга алшып, алар сөөктү кайда көмгөнүн айтып беришкен. Сөөктөр табылгандан кийин, кыздын атасы, агасы, бөлөсүнө үйлөнүүгө мажбур болгон бала жана дагы эки киши адам өлтүрүүгө байланыштуу камакка алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-eldesh-kechki-tamagyna-zhash-tgjlrd-chakyryp-zorduktap-anan-ltrp-koyushkan



Добавить комментарий