Түркияда бүгүн кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өтүүдө

25 июня 2018 03:15 1284 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Түркияда бүгүн кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өтүүдө. Бул шайлоодо президенттикке учурдагы өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдоган баш болгон алты талапкер ат салышып жатат. Ал эми  Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин билдиргенине караганда Кыргызстанда добуш берүүгө укугу бар, каттоодо турган 2000 түрк жараны бар. Алар 16-17-июнда президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн Кыргызстандан  добуш беришкен. Алардын канчасы добуш берүүгө катышканы азырынча белгисиз. 

Ал эми ушу тапта Түркия боюнча  180 миңден ашык добушканалар ачылды. Президенттик шайлоо менен катар өтүп жаткан парламенттик шайлоодо сурамжылоо боюнча Эрдогандын Акыйкаттык жана Өнүгүү  партиясы алдыда келе жатат. Бирок парламентте көпчүлүктү түзө албай калышы да мүмкүн. Ушул шайлоодон кийин Түркия парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтөт. 

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-bgn-kezeksiz-prezidenttik-zhana-parlamenttik-shajloo-td



Добавить комментарий