Түркияда бекер дарыланган кыргыз жарандарынын саны элүүгѳ көбөйдү
Түркияда бекер дарыланган кыргыз жарандарынын квотасы көбөйдү. Мындай маалыматты Түркиянын басылмалары таратты. Анда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 11-ноябрда Кыргызстандан Түркияга акысыз дарыланууга келген бейтаптардын квотасын 50 бейтапка көбөйткөн келишимге кол койгону баса белгиленет. Бул келишимге ылайык дагы 50 бейтапты Түркиянын Бишкектеги элчилиги тандап жөнөтөт. Буга чейин Түркияга акысыз дарыланганы барган кыргызстандык бейтаптардын саны 100 болсо эми 150 адамга чыкты.
Ошондой эле квота менен келген кыргызстандык бейтапка Түркиядагы тиешелүү оорукана «дарылоо мөөнөтү 90 күндөн узакка созулушу мүмкүн» деген тастыктама берсе, анда бейтап жана аны коштоп келген эки тууганы Түркияда туруктуу жашоо үчүн виза төлөмдөрүнөн бошотулат.
Негизинен кыргызстандыктар Түркияга квота аркылуу бөйрөк алмаштырууга, жүрөк операциясына жана ортопедиялык операцияларга барышат.
Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-beker-darylangan-kyrgyz-zharandarynyn-sany-elg-kbjd
Добавить комментарий ×