Түркия Кыргызстандагы элчисинин колу менен КРдагы катталган компанияга рейдерлик баскычылык аракетин кылып жатабы?

27 февраля 2019 21:16 1506 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркия Кыргызстандагы элчисинин колу менен КРдагы катталган компанияга рейдерлик баскычылык аракетин кылып жатабы?  

Андай болбосо элчинин өзүнүн сотко катышып жатканын кандайчса түшүндүрсо болот. Эл аралык макулдашууларга ылайык бир дагы өлкө башка мамлекеттин саясатына кийлигишүүгө аксы жок. Бул жерде өлкөнүн ички гана саясатына кийлигишпестен эгемен мамлекеттин сот ситемасына басым жасоо аракети көрүлүп жатканы айдан ачык болууда.  

Мындай учурда ТИМ Түркиянын элчисинин аракетине баа бериши кажет жана зарыл болсо Түркияга нааразылык нотасын билдирүүсү керек.

Юстиция министрлигинин 30.11.16-жылдагы “Кайнак” фирмасын кайра каттоо тууралуу чыгарган буйругун жараксыз деп табууга эч кандай негиз жок. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда чет элдик инвестордун кызыкчылыгын коргогон жактоочу Денис Диканский маалымат жыйында билдирди. "Кайнак” жоопкерчилиги чектелген коомун (ЖЧК) кайра каттоодо эч кандай мыйзам бузуу болгон эместигин белгилеген жактоочу Диканский сотко берген компания аталган буйрукту жокко чыгаруу менен Кыргызстанда иштеп жаткан фирманы өзүлөрүнө алгысы келип жатат деген пикирде:
"“Кайнак” жоопкерчилиги чектелген коомун (ЖЧК) алгач 2002-жылы Түркиялык “Н-Т КИТАП КЫРТАЙСИЕ БЮРО МАЛЗЕМЕЛЕРИ ПАЗАРЛАМА ВЕ ТУРИЗМ ТИДЖАРЕТ АНОНИМ ШИРКЕТТИ” аттуу жеке менчик компания ачкан. Бул аралыкта бардык ишмердүүлүк учурда мен ишин жактап жаткан Эмин Кызылкай аркылуу көзөмөлдөнүп келген. Ал 2012-жылы расмий түрдө директор болуп дайындалып, компанияны өнүктүрүүгө 1 млн. долларга жакын акча каражатын сарптаган. Кийин 2015-жылы түркиялык “Н-Т Китап” компаниясы соода үлүшүн Эмин Кызылкайга өткөрүп берүү чечимин кабыл алып, үлүш Кылынч Мехмет аттуу жаранга ишеним кат менен өткөн. 2016-жылы Түркияда төңкөрүш болуп, ушул жылдын аягында аталган компания мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Кийин белгисиз жактар пайда болуп, компанияны басып алышты. Кыргызстандагы директорлорун кызматтан да алып салышты. 2016-жылдын аягында Юстиция министрилиги “Кайнак” фирмасынынын жападан жалгыз ээси катары катары расмий түрдө каттоодон өткөрүп, андан ары өзүнүн ишмердүүлүгүн уланткан. 2017-жылы компания улутташтырылгандан кийин, жаңы өкүлдөрү Юстиция министрлигинин 30.11.16-жылдагы “Кайнак” фирмасын кайра каттоо тууралуу чыгарган буйругун жараксыз деп табуу тууралуу соткко кайрылышкан. Эки жылдан бери мен ишин ишин жактап жаткан Эмин Кызылкай чындык издеп келет. Белгисиз жагдайлардан улам сот органдары биздин пайдабызга чечкен жок.
Жактоочу кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо жана кайра каттоо мыйзамына ылайык, Юстиция министрлиги аталган келишимди кароо укугуна ээ эмес.
"“Н-Т КИТАП” компаниясы берген арызда Кылынч Мехметке берилген күбөлүк жараксыз болгону, Юстиция министрлиги анын ыйгарым укуктарын караган эместиги айтылат. Муну мамлекеттик нотариус карайт. Өз кезегинде Юстиция министри Директорлор кеңешинин чечиминин макулдугун сураган. Бардыгынын уруксаты болгон. Бирок, ишти караган сот Юстиция министрлиги берген келишимди “жараксыз” деп тапты. Буга жол бере турган мыйзамдуу себеп деле жок болчу. Бизге юрист катары түркиялык “Н-Т Китап” компаниясынын позициясы белгисиз болуп жатат. Анткени, Кайнак” ЖЧКсын кайра каттоого үлүштү өткөрүп берүү келишими себеп болгон. Ага ылайык буга чейин, тактап айтканда, эки жылдан бери бул тууралуу эк кимден да каршылык болгон эмес. Ал тургай, алар көрсөтүп жаткан ишеним кат да алар тараптан каршылыкка дуушар болгон эмес. Алар аталган буйрукту жокко чыгаруу менен компанияны өзүлөрүнө алгысы келип жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков да чет элдик инвесторлорду коргоо үчүн бардык иш-чараларды көрө турганын айткан. Биз бул ишке коомчулуктун көңүлүн бурдургубуз келет. Анткени, биздин билишибизче кечээ, 26- февралда өткөн сот отурумуна Кыргызстандагы Түркиянын элчиси өз катышкан. Биз бул ишти соттон мыйзам чегинде ар тараптуу кароону каалайт элек. Компанияда иштегендердин дээрлик бардыгы кыргызстандык жарандар”, - дейт жактоочу.
“Кайнак” фирмасында көп жылдан бери иштеген кызматкер эгер аталган фирма жабылып калса 20 кызматкер жумушсуз калат деп бушайман:
“Мен бул ишканада 2010-жылдан бери иштейм. Бул жакта иштегендердин 99 пайызы кыргыздар. Эки дүкөндө 20 кызматкер иштейт. Баарынын үй-бүлөсү, бала-чакасы бар. Көп жылдан бери иштеп келе жаткан фирма. Салыкты да өз убагында төлөйт. Эгер фирманы алып койсо канча үй-бүлө жумушсуз калат? Азыр кызматкерлер сарсанаа болуп жатат”

Ссылка: https://barometr.kg/trkiya-kyrgyzstandagy-elchisinin-kolu-menen-krdagy-kattalgan-kompaniyaga-rejderlik-baskychylyk-araketin-kylyp-zhataby



Добавить комментарий