Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитине катышуу үчүн Азербайжандын президенти келди
3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VI саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга Азербайжан республикасынын президенти Ильхам Алиев келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту Кыргыз республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тосуп алды.
Маалымат катары айта кетсек, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши – бул заманбап түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм, анын негизги максаты мүчө-мамлекеттер аралык ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттер катары Азербайжан Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасы саналат.
Белгилесек, быйыл түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешиндеги төрагалык Казакстан республикасынан Кыргыз республикасына өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/trk-tild-mamleketterdin-sammitine-katyshuu-chn-azerbajzhandyn-prezidenti-keldi
Добавить комментарий ×