Түрк элчиси «Сапат» билим берүү мекемелери боюнча айткан сөзү үчүн Тышкы иштер министрлигине чакыртылды
Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат 11-сентябрда Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, эки өлкөнүн алака-катышындагы маселелер талкууланды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, жолугушууда кыргыз тарап элчиге «коомчулукка объективдүү маалыматты гана жеткирип туруу каалоосун айтты». Мындан тышкары, эки өлкө жетекчисинин жолугушуусунда кабыл алынган келишимдер талкууланды.
Белгилей кетсек, Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанда 1-2-сентябрда расмий сапар менен болгон. Бул сапардын жыйынтыгы тууралуу элчи Женгиз Камил Фырат Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, «Сапат» билим берүү мекемелеринин имараттарын Түркиянын «Маариф» фондуна өткөрүү пландалып жатканын билдирген. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева мындай сүйлөшүү болбогонун айткан.
Добавить комментарий ×