Хюмшам Султанды аткарган актриса Ошко келет
17-19-сентябрь күндөрү «Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык программасынын алкагында түрк тасмаларынын жумалыгы өткөрүлөт.
Аталган жумалыкта Түркиянын кино жана сериалдарынын актёрлору келет. Бул туралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Сезгин Эрдемир, Эдип Зейдан жана Вилдан Атасевер сыяктуу актёрлор, түрк кинопродюсерлери менен бирге жергиликтүү кинотеатрларда кино күйөрмандары, коомчулук менен жолугушат.
Мындан тышкары түрк режиссерлору тарткан тасмалар жана жаш балдар үчүн «Рафадан Тайфа» аталышындагы анимациялык фильм акысыз көрсөтүлөт. Иш-чара «Семетей» кинотеатрында саат 17:00дө башталат. Тасмалар түрк тилинде тартууланып, кыргыз тилине субтитр аркылуу которулуп берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/trk-akterleru-oshko-kelet
Добавить комментарий ×