Төрөбаев: Премьер чек ара боюнча жолугушууну олуттуу сүйлөшүү жүргүздү

19 сентября 2019 16:09 1144 Barometr
Поделиться в:
ok

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев чек ара боюнча кошуна Тажикстандын премьер-министри менен олуттуу сүйлөшүү жүргүзгөн.

Премьер-министр сүйлөшүү катаал форматтажүргөнүн айтты. Олуттуу аайыптоолор айтылды. Тажикстандын аскерлери биздин чек ара бөлүкчөнүн бийиктен көзөмөлдөгөн кароолкананы миномет менен аткылашкан. Бул достук-кошуналык мамилеге тап-такыр туура келбейт. Ок атышууда жабыркагандарга акчалай жардам көрсөтүлөт. Бирок берилүүчү акчалай жардамдын суммасы айтылган жок”, - деди депутат.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек арадагы талаш жер 405 чакырымды түзөрүн айтып өттү.

Бүгүнкү күндө 72 чакырым жер аныкталган. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок биздин чек араларды делимитация жана демаркация боюнча комиссия начар иштеп жатат. Биз кошуналарга каршы аргументтерди жетиштүү сунуштай албай жатабыз. Азыр дал ошол чек ара маселелерин чечүү боюнча иштеген комиссияга статус берүү зарылдыгы айтылды. Агенстовобу же комитет болуп кайра түзүлөбү азырынча белгисиз”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Эске сала кетсек Өкмөт ушу тапта Баткенде Тажжикстан менен чек арадагы окуялар боюнча Парламентте маалымат берип жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/trbaev-premer-chek-ara-boyuncha-zholugushuunu-oluttuu-sjlsh-zhrgzd



Добавить комментарий