Транспорт жана жолдор министирлиги: Жолдорду куруу иштери пандемиядан улам 3-4 айга кечигүүдө
Коронавирус илдети КР Транспорт жана жолдор министрлигинин инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууга терс таасирин тийгизди. Бул тууралуу КР Транспорт жана жолдор министринин орун басары Талант Солтобаевдин брифинг учурунда берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
“Карантиндик чаралардын киргизилиши жана эл аралык чек аралардын жабылышы персоналды, керектүү шаймандарды мобилизациялоону татаалдаштырып, объектилерде кызматкерлердин эркин жүрүүсүнө тоскоолдук жаратты ”, - деп билдирди Талант Солтобаев.
Анын айтымында, пандемия учурунда жумушту кайра калыбына келтирүү максатында, Транспорт министрлиги, Саламаттыкт сактоо министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан, адистерди жумуш орундарына жеткирүү иштери уюштурулган. 2020-жылдын май айынан бери Кыргызстанга 450гө жакын эл аралык адистер келишкен.
"Айрым долбоорлорду ишке ашырууда, COVID-19 пандемиясынын таасиринин натыйжасында, ишке ашыруу графигинде кечигүү болду - болжол менен 3-4 айга жетет", - деп кошумчалады ал.
Добавить комментарий ×