Транспорт каражатын каттоодо онлайн калькулятору эсептейт

16 января 2020 12:33 1471 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекетти каттоо кызматы транспорт каражатын каттоо жана кайра каттоодо алынуучу жыйымдын баасын эсептөөчү онлайн калькулятор кызматын ишке киргизди.  Белгилүү болгондой, автомототранспорт каражаттарын алгачкы каттоодо жана кайра каттоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамга ылайык жыйым алынат Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген автомототранспорт каражаттарын алгачкы каттоодо жыйымдын өлчөмү жыл сайын бекитилүүчү тарифтик торчо менен аныкталуучу автомототранспорт каражатын базардагы орточо наркынын 5 пайызын, ал эми аны кайра каттоодо - 0,3 пайызын түзөт. Мамлекеттик каттоо кызматынын portal.srs.kg -электрондук порталындаалгачкы каттоодо жана кайра каттоодо алынуучу жыйымдын көлөмүн эсептөөчү онлайн калькулятор ишке киргизилди.Жаңы кызмат автоунаа ээлерине өз алдынча транспорт каражатынын чыгарылган жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө (куб. см) жараша каттоодо алынуу жыйымдын наркын аныктоого жардам берет. 

Тиешелүү талаалар көрсөтүлгөндөн кийин онлайн калькулятор автоматтык түрдө эсептеп чыгарат.

Ссылка: https://barometr.kg/transport-karazhatyn-kattoodo-onlajn-kalkulyatoru-eseptejt



Добавить комментарий