Трамп коронавирус пандемиясынын жакшы жактары бар экенин айтты

1 апреля 2020 09:34 2935 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШ президенти Дональд Трамп коронавирус пандемиясы өткөндөн кийин кишилерде жакшы адаттардын калтырып кетет деп ишенет. Анын айтымында, эл жеке гигиена канчалык маанилүү экенине маани берип калышат.

“Азыр кылып жаткан айрым аракеттер келечекте биз үчүн жакшы тажрыйба болот. Сасык тумоону жуктуруп албаганга аракет кылып калабыз”, — деди ал.

Трамп андан сырткары жакшы адаттардын катарын киши менен болгон аралыкты сактоо, колду жуу жана кол алышууну токтотуу да толуктай турганын белгиледи.

Эске салсак, Трамп бактериядан абай корккон кишилердин катарына кирет. Ал АКШда коронавирус илдети башталгандан тарта, мурдагыдай кол алышып учурашууну дароо токтоткон. Дарыгерлердин айтымында, коронавирус кишиден кишиге кол алышуу аркылуу дагы жугушу ыктымал.

Ссылка: https://barometr.kg/tramp-koronavirus-pandemiyasynyn-zhakshy-zhaktary-bar-ekenin-ajtty



Добавить комментарий