Трамп америкалыктарды кол алышуудан баш тартууга чакырды

27 марта 2020 16:31 1336 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШ президенти Дональд Трамп америкалыктарды кол алышып учурашуудан баш тартууга чакырды. Ал мындай аракеттер коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн жасалып жатканын билдирди.

Трамп мындай аракеттерди ишке ашыруу канчалык деңгээлде муктаж жана керек экенин АКШнын Аллергия жана жугуштуу оорулар боюнча улуттук институтунун директору Энтони Фаучи менен кеңешип, ал колдоого алганын кабарлады.

АКШ президенти буга чейин гермофоб (микробдон корккон киши) экенин бир канча жолу айткан.

Америка Кошмо Штаттары коронавирус жуккандардын саны боюнча Кытай менен Италиядан ашып кетти. Учурда АКШда вирус 85 505 кишиге жугуп, 1288 киши каза болду.

Ссылка: https://barometr.kg/tramp-amerikalyktardy-kol-alyshuudan-bash-tartuuga-chakyrdy



Добавить комментарий