Трактористти коркуткан жетекчинин орун басары кызматынан кетти
Поделиться в:
Кыргызстандын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ички иликтөөлөр кызматынын “ЖАМКнын кызматкери мас абалында айдоочуну коркутуп жатат” деген видеоролик боюнча кызматтык иликтөөсү аяктады. Бул туурасында ЖАМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Кызматтык изилдөөнүн жүрүшүндө № 27 түзөтүү абагынын жетекчисинин атайын контингент менен тарбия иштери боюнча орун басары, майор Азиз Кожокматовдун күнөөсү аныкталды.
Өзүнүн жана Кылмыш аткаруу системасынын кызматкерлеринин наамын булгагандыгына байланыштуу Кожокматов ээлеген кызматынан бошотулду. Ошондой эле бул системадан четтетилди.
Ссылка: https://barometr.kg/traktoristti-korkutkan-zhetekchinin-orun-basary-kyzmatynan-ketti
Добавить комментарий ×