Дастанбек Жумабеков Латвия улуттук китепканасына "Манас" эпосунун жыйнагын тартуулады
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Латвия Республикасынын улуттук китепканасына "Манас" эпосунун Саякбай Каралаевдин айтуусундагы жыйнагын белек кылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Рига шаарындагы белгилүү китепканада дүйнөнүн дээрлик баардык өлкөлөрүнөн чогултулган эки миллиондон ашуун китеп сакталат.
Төрага Дастанбек Жумабеков китепкананын жамааты менен болгон жолугушууда “Биз кыргыз жеринен Латвия окурмандарынын руханий байлыгын арттыра турган баалуу белек ала келдик. “Манас” эпосу - кыргыз элинин баа жеткис мурасы, сыймыгы жана тарыхы. Бул байыртадан бери ооздон-оозго өтүп сакталып калган чыгарма сиздердин китепкананын фондун байытып, кадыр-баркын арттырат деп ойлойм", - деди.
Латвия улуттук китепканасынын аткаруучу директору Дзинтра Мукане Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирүү менен бирге Латвия окурмандары кыргыз адабиятын ар дайым жогору баалай турганын баса белгиледи.
"Манас" эпосунан сырткары биздин китепканада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары да көп окулат. Айрыкча жаштар кыргыз элинин кулк-мүнөзүн, салт-санаасын жана маданиятын Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла", "Биринчи мугалим", "Ак кеме", "Гүлсарат" сыяктуу чыгармалары аркылуу жакшы билишет", - деп кошумчалады китепкананын өкүлү.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Латвия жана Литва Республикаларына расмий иш сапар менен барган. Делегациянын курамында ЖК депутаттары А.Шыкмаматов, Д.Исаева, Г.Асылбаева, Ө.Бакиров, Ж.Исаев, Б.Субанбеков жана Кыргыз Республикасынын Белоруссиядагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчиси Э.Ибраимов бар.
Ссылка: https://barometr.kg/traga-manas-kitebin-tartuulady
Добавить комментарий ×