Төрага комитеттин орун басарын жөнөкөй суроого жооп бере албайсыз деп зекиди

21 февраля 2019 14:02 1392 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Төрага Дастан Жумабеков Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаевди элементардык суроолорго жооп бере албаганы үчүн зекиди. 

Белгилүү болгондой, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы  күйүүчү майдын айырмачылыгы тууралуу талкуу коомчулукта бир айдан бери жүрүп келет. Бүгүнкү парламенттик жыйында, төрага орун басардан баалардагы айырма эмне себептен келип чыгып жаткандыгын сурады.

"Бүгүнкү күндө импорттолуп жаткан күйүүчү майларга литрине аксиздик марка коюлабы?" - деди төрага. Жыргалбек Сагынбаев бааларга биздин комитет жооп бербейт деди.

"Ушундай элементардык суроолорго жооп бере албай жатканда башка суроолорго кантип жооп бересиздер. Аксиздик марка ар бир литрине алынат. Бир айдан бери ушул маселе чыгып жатат. Сиздер тараптан түшүндүрүү иштери болгон жок. Эртең эле биз Казакстандан күйүүчү майды алсак аксиздик марка коюлат. Анын салыгы бар. Ошолор тууралуу түшүндүрмө бербейсиздерби?", - деди төрага.

Эске салсак, бүгүн 21-февралда Жогорку Кеңеште “Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Анын жүрүшүндө Казакстан менен Кыргыз өлкөсүндө күйүүчү майдын баасындагы айырма 10 сомго чейин жеткени айтылды.


Ссылка: https://barometr.kg/traga-komitettin-orun-basaryn-zhnkj-suroogo-zhoop-bere-albajsyz-dep-zekidi



Добавить комментарий