Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Литвада
Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Литва Сейминдежолугушууларды өткөрүүдөКыргыз Республикасынын Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Литва Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында, баш калаа Вильнюс шаарында бир катар жолугушууларды өткөрүүдө
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Литва парламенти - Сеймдин Төрагасы Викторас Пранцкетис менен болгон жолугушууучурунда тараптар эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарын бекемдөө,мыйзамдарды шайкеш келтирүү, депутаттык достук топторунун алкагында тажрыйбаалмашуу маселелерин сүйлөштү. Андан тышкары, Литва Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагысоода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды. Ошондой эле кыргыз тарап Литва парламентинин депутаттарына Кыргызстандагыпарламенттик система жана аны өнүктүрүү иш-аракеттери тууралуу кеңири маалымат берди.Литва менен Кыргызстан дээрлик бирдей саясий системада жашайт. Эки өлкө тең адамукуктарын жана демократиялык баалуулуктарды бекем карманат. Ошону менен биргебиздин өлкөлөр эл аралык платформаларда да ар убак бири-бирин колдоп келет. Биз экиөлкө ортосундагы кызматташуу мындан дагы бекем жана жандуу болушунакызыкдарбыз",– деди Дастанбек Жумабеков.Өз кезегинде Литва парламентинин Төрагасы Викторас Пранцкетис эки өлкөдепутаттарынын достук топторунун алкагындагы байланыштарды мындан ары дагыбекемдөө зарылчылыгына токтолду."Ал эми соода-экономикалык кызматташуу боюнча Литва Кыргызстан тараптын баардыксунуштарын карап чыгууга даяр. Биздин өлкөнүн темир жол байланыштары көпөлкөлөрдү туташтырат, ал эми деңиз порту аркылуу 65 өлкөнүн деңиз порту менен карым-катыш жүргүзсө болот", – деп кошумчалады Викторас Пранцкетис.Расмий сапардын жүрүшүндө бир катар маданий иш-чаралар да мерчемделген. Агаылайык, Жогорку Кеңештин депутаттары Вильнюс университетине барып, окуу жайдынтарых-таржымалы, азыркы учурдагы жогорку билим берүү системасындагы реформаларжана жетишкендиктери менен таанышты.Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясы Литва мамлекетине ЛатвияРеспубликасындагы расмий иш сапардан соң барды. Ал эми делегациянын курамындаЖогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Динара Исаева, ГүлшатАсылбаева, Өмүрбек Бакиров, Жаныбек Исаев жана Бакирдин Субанбеков бар.
Ссылка: https://barometr.kg/traga-dastanbek-zhumabekov-bashtagan-parlamenttik-delegaciya-litvada
Добавить комментарий ×