Дастанбек Жумабеков Ильхам Алиев менен жолугушту

18 декабря 2019 09:47 1629 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Төрагасы Дастанбек Жумабеков Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы карым-катыш жана  парламенттер аралык кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.  

Дастанбек Жумабеков Президент Сооронбай Жээнбековдун Азербайжан элине жолдогон саламын айтып,  Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын IX пленардык жыйынын жемиштүү өткөрүп алышына тилектеш экенин билдирди. Өз кезегинде Президент Ильхам Алиев боордош Кыргызстан менен Азербайжан өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды, туризм жана маданият тармагындагы кызматташууну бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз козгоду. 

"Биз түпкү тарыхы жана маданияты бир элбиз. Андыктан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кеңеши жана ТүркПА алкагындагы кызматташууга чоң маани беришибиз керек", - деди Азербайжан Республикасынын Президенти. 

Сүйлөшүү учурунда Баку-Бишкек түз аба каттамдарын ачуу, Бишкек шаарында Азербайжандын көмөгү менен жаңы мектеп куруу жана кыргыз-азербайжан достук паркын салуу сыяктуу бир катар долбоорлор тууралуу дагы пикир алмашуу орун алды. 

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Бакуда 17-19-декабрь аралыгында өткөрүлүүчү ТүркПАнын жыйынына катышууда. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын IX пленардык отурумуна катышкан Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар С.Айдаров, Т.Тиллаев, Р.Чойбеков, И.Маннанов, Э.Тагаев, Т.Шайназаров жана С.Шер-Нияз бар.


Ссылка: https://barometr.kg/traga-dastanbek-zhumabekov-azerbajzhandyn-prezidenti-ilham-aliev-menen-zholugushtu



Добавить комментарий