Түптө адам өлтүрүүгө шектелип эки адам кармалды (окуянын чоо-жайы)
3-июнь күнү Түптүн Кудургу айылынын түштүк тарабынада жайгашкан эски тегирмендин жанында белгисиз адамдын кан болгон денеси табылган. Бул боюнча адам өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматыыына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Аталган факт Түп РИИБге каттоого алынып, Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Окуя болгон жерге келген милициянын тергөө-ыкчам тобу сырткы кароо жүргүзүү учурунда, өлгөн адамдын денесиндеги издер, киши колдуу болгондугу аныкталган. Көп узабай, жабыркаган адамдын өздүгү да такталган. Ал ушул эле айылдын 39 жаштагы тургуну болуп чыккан. Өлүм эмненин негизинде болгонун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайыдалган жана кылмышка шектүүлөрдү аныктоо, ошондой эле аларды колго түшүрүү боюнча тийиштүү издөө издери башталган.
ИИМдин, Ысык-Көл ОИИБдин жана Түп РИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка негизги шектүү болгон 36 жаштагы Кудургу айылынын тургуну качып, жашынып жүргөн жерин аныкташып, аны Бишкек шаарынан колго түшүрүштү. Алдын-ала сурак учурунда, ал кылмыштын жасалышына каза болгон жаранга болгон эски таарынычы себеп болгонун көрсөткөн.
Мындан тышкары, Түп районунун Күрмөнтү айылынан, аталган кылмышка катыштыгы бар Ак-Булуң айылынын 62 жаштагы тургуну кармалып, өзүнүн көрсөтмөсүндө, ошол күнү каза болгон жаранды шектүү менен жолугушуу үчүн, Кудургу айылынын эски тегирменинин жанында чакырып чыккандыгын көрсөткөн",- деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, райондук соттун чечими менен кармалган шектүүлөргө карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/tpt-adam-ltrg-shektelip-eki-adam-karmaldy-okuyanyn-choo-zhajy
Добавить комментарий ×