Түп районунда жергиликтүү тургун киши колдуу болуп каза болду

4 июня 2021 12:43 973 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Кечээ, 3-июнда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кудургу айылында 39 жаштагы тургун киши колдуу болуп каза болду. Маалыматты “Барометрге” Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери айтып берди.

“Кечээ, 3-июнь күнү Кудургу айылында кан болгон абалда кишинин сөөгү жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тергөө тобу жерине барып, жансыз денеге кароо жүргүзгөндө анын сабалып, ур-токмоктон улам каза болгону аныкталган. Каза болгон жарандын аты-жөнү такталып, 39 жаштагы жергиликтүү тургун экендиги белгилүү болгон.

Бул факт кылмыш жазык кодексинин 130-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда кылмышка шектүү адамдын өздүгүн аныктоо жана аны каромоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтышты Ысык-Көл облустук милициясынан.

Ссылка: https://barometr.kg/tp-rajonunda-zhergilikt-turgun-kishi-kolduu-bolup-kaza-boldu



Добавить комментарий