Toyota компаниясы 2019-жылы спорттук унааларга басым жасайт
2019 – жылы Toyota компаниясы чыгарып жаткан темир тулпарлары менен бирге спорттук унааларга басым жасайт. Бул тууралуу британиялык маалымат булагы, компаниянын жетекчиси Акио Тойоданын билдиргенине таянып жазып чыкты.
Ушул жылы MR2 аттуу спорттук унаанын жаңы модели чыгары белгилүү болду. Эки адамга ылайыкталган бул темир тулпардын кыймылдаткычынын күчү жана жасалгасы мурункулардан кыйла айырмаланып турат.
Белгилей кетсек, буга чейин Toyota компаниясы Supra унаасын кайра иштеп чыгарган. Аны менен бирге Toyota Celica деп аталган машина да кайрадан жаңыртылат.
Ссылка: https://barometr.kg/toyota-kompaniyasy-2019-zhyly-sporttuk-unaalarga-basym-zhasajt
Добавить комментарий ×