"Торугарт" өткөрмө бекети убактылуу жабылат

12 октября 2020 09:56 663 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” көзөмөл-өткөрмө бекети 12-сентябрдан тарта убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

“Кытай тараптын демилгеси менен аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу, мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пункту 2020-жылдын 12-октябрында убактылуу жабык турат.

Ал эми "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пункту мурунку режимде Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына товар ташууну гана камсыз кылган атайын алгоритм боюнча иштейт”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/torugart-tkrm-beketi-ubaktyluu-zhabylat



Добавить комментарий