Торнадо Алабама штатындагы турак-жайларды талкалап кетти. Каза болгондор бар

4 марта 2019 11:24 1134 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

АКШнын Алабама штатынын чыгыш бөлүгүндө алдын ала сактануу кырдаалы түзүлгөнүнө карабай торнадо 23 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу WBRC маалымат кызматы жазды.

Маалыматка ылайык, жоголгондордун саны улам көбөйүп жаткандыктан  каза болгондордун саны 23тон дагы ашышы мүмкүн. Ал эми жергиликтүү оорукананын маалыматы менен кырсыктан жабыркагандардын саны 40тан ашты. 

Торнадо кечээ 3-мартта түштөн кийин аймактагы имараттарды кыйратып, турак-жайларды талкалап кеткен. 

 Буга чейин Алабама штатынын губернатору Кэй Айви катаал аба ырайынан улам өзгөчө кырдаал режимин киргизип, жергиликтүү элди сактанууга чакырып келишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/tornado-alabama-shtatyndagy-turak-zhajlardy-talkalap-ketti-kaza-bolgondor-bar



Добавить комментарий