Тоо койнунда кышкы эс алууну каалагандарга лыжа базаларынын орточо баалары
Азыркы учурда лыжа базалары иштеп жаткан учур. Декабрь-Январь айларында кар жакшы жаап берсе, сезон кеч башталганына карабай туристтердин келиши жакшы болот деп божомолдошууда адистер. Бүгүнкү күндө Каракол шаарына келгендердин көбүн чет элдиктер түзөт. Ал эми биздин Чүй облусунда жайгашкан лыжа базаларында ички туризм басымдуулук кылат.
Белгилей кетсек, өлкө аймагында 20дан ашык лыжа базасы бар, анын 17си бүгүнкү күндө толук кандуу иштеп жатат. Ал эми Каракол лыжа базасы жыл сайын көпчүлүк агылып келген эс алуучу жайга айланган. Былтыр бул убакта чет элдик туристердин келиши арбын болгон деген пикирлер айтылууда. Ал эми быйыл Казакстандын жарандары басымдуулук кылууда. Себеби кардын аз жаашы бул жаатта маселе жараткан. Караколдогу тоо койнунда кышкы эс алууну активдүү өткөрөм дегендерге лыжа базалары техникалык жактан толук камсыздалган. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев Barometr.kg сайытына билдирди:
“Кышкы туризм быйыл 17-ноябрда старт алган. Азыркы учурда эс алуучулар көп. Мисалы Караколдогу эс алуу базада мейманканалардын баардыгында жаңы жылга чейинки күндөр брондолгон. Көпчүлүк лыжа сүйүүчүлөрү кардын жаашын күтүп жатышкан. Бизге көбүнчө Казакстандан, Россиядан, Франциядан жана Япониядан кышкы туристер келет. Азыркы учурда тейлөө жагы боюнча толук даярбыз”- деди Жаныбек Кожоев.
Соңку кездерде өлкөдө лыжа тепкенди сүйүүчүлөрдүн саны артып бара жатат. Учурда Кыргызстандагы тоо лыжа базалары өз эшигин ачып экстремалдуу спорт сүйүүчүлөрүн бул күндөрү тосуп алууга даяр. Эгер сиз тоого чыгып жылгаяк тебүүнү кааласаныз, өлкөдөгү лыжа базаларындагы кызмат көрсөтүү акыларынын орточо баалары төмөнкүдөй:
Лыжа: 1 күнгө 250 сомдон 1000 сомго чейин.
Сноуборд: 400сомдон 1200сомго чейин.
Кадимки эле чана 250-300сом.
Ал эми жатаканалар болсо 1200сомдон 9500 сомго чейин.
Добавить комментарий ×