Тоо башында жайгашкан Акпай көлү каптап кетти, 8 үй-бүлө эвакуацияланды

2 августа 2021 15:27 2552 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областынын Сокулук районундагы тоодо жайгашкан Акпай көлү деңгээлинен ашып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” билдирет.

Белогорка капчыгайында жайгашкан көлдүн каптап кетишинен улам Сокулук-Төш-Булак жолунун 37-чакырымындагы 400 метр жерди суу каптады.

Сокулук-Шаркыратма жолу жабылды. 8 үй-бүлө эвакуацияланды.

Сокулук суусунун деңгээли көбөйгөндүктөн жээкти бойлото жайгашкан үйлөрдүн тургундары коопсуз жайга кетүүдө. Чүй областынын жарандык коргоо күчтөрү жогорку режимде иштөөгө өтүштү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/too-bashynda-zhajgashkan-akpaj-kl-kaptap-ketti-8-j-bl-evakuaciyalandy



Добавить комментарий