Колундагы колонкасын жулуп качып кетишкен. Милиция шектүүлөрдү кармады

29 январь 2020 14:20 819 Barometr
Бөлүшүү:
ok

28-январда 18 жаштагы А.М  аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, 27-январда кечки саат 21:30дар чамасында Бишкек шаарынын Фере менен Ак шоокум көчөлөрүнүн кесилишинен 20-25 жаштардагы белгисиз үч бала музыкалык колонкасын күч колдонуп, тартып алышканын айткан. 

Көрүлгөн ыкчам аракеттин негизинде Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын кызматкерлери менен КР ИИМдин МАККББнын (ГУГССО) кызматкерлери тарабынан тоноого шектүү деп 2003 -жылы туулган  Н.Н аттуу жаран кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди.

Учурда аталган факты кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү рейсттине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/tonoogo-shekt-zharan-karmaldy



Добавить комментарий