Тоналдык кремди туура тандоо үчүн
Дүкөндөн тоналдык крем сатып аларда, анын түсүн, тыгыздыгын, түзүлүшүн жакшы билип алыңыз. Үйгө келгенден кийин анын башкача болуп калганын көрүп, көңүлүңүз калып калган кездер да болот. Анын себеби, тоналдык кремди тандоодогу жиберилген катачылыктар болушу мүмкүн.
1-ката: Тоналдык кремди билекке сүйкөп көрүү
Билектеги тери бет териси менен эч качан бирдей болбойт. Ошондуктан кремди тандаган кезде жаакка сүйкөп көрүңүз.
2-ката: Тоналдык кремди маияждын бетине сүйкөп көрүү
Азыркы кремиңиз сизге төп келсе да, анын курамындагы пигменттер жаңы каражаттын курамына таасир берип, натыйжасында башка түс көрсөтүшү мүмкүн. Ошондуктан, тоналдык крем тандарда тазаланган бетке сүйкөп көрүңүз.
3-ката: Түсүн дүкөндүн ичинде кароо
Ар бир каражаттын түсү күндүн алдында ачык, жакшы көрүнөт. Ошондуктан дүкөндө бетиңизге бир нече түстөгү тоналдык крем сүйкөп көрүп, эшикке чыгыңыз. Сыртта түстөрдү жакшы көрүп, тоналдык кремди туура баалай аласыз.
4-ката: Эки түстөн анын каралжынын тандоо
Эгер бир-бирини окшош эки түстүн кайсынысын тандарыңызды билбесеңиз, экөөнү тең алып, аралаштырып колдонуңуз же ачыгыраагына токтолуңуз.
5-ката: Тоналдык кремди кечки убакта сатып алуу
Тери күнү боюу өзгөрөт. Себеби сиз тердешиңиз же үшүп калууңуз, теридеги майда тешиктер бүтөлүп калуусу мүмкүн. Ошондуктан териңиздин түсү өзгөрүп көрүнөт. Тоналдык кремди күндүзгү убакта тандасаңыз, териңизди да алдабайт.
6-ката: Өтө тыгыз тоналдык крем тандоо
Сиздин өз териңиз тоналдык кремдин астынан көрүнүп турушу керектигин унутпаңыз. Тоналдык крем териңизди толугу менен өзгөртүп таштабаш керек, ал жөн гана териңизге тегиздик берет.
Ссылка: https://barometr.kg/tonaldyk-kremdi-tuura-tandoo-chn
Добавить комментарий ×