Толук айымдардын арыктоодогу шылтоолору
Ар бир толук айым арыктап, ашыкча салмактан арылып, келбеттүу болууну каалайт.
Ошол каалоону ишке ашырганга келгенде эрк жетишпей калат да, түрдүү шылтоолорду ойлоп таап, өзүн-өзү алдап баштайт. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Эң көп айтылган шылтоолордон айта кетсек:
- диета кармаганга болбойт, себеби диетаны токтоткон күндөн баштап, мурдагы салмагынан дагы ашыкча салмакты кошуп аласың!
- скакалка секире албайм, себеби кан басымым жогорулап кетет.
- чуркаганда жүрөгүмө күч келип ооруйт, мага чуркаганга врачтар тыю салат болуш керек. Аракет кылбай отура берсе бир эле жүрөк эмес , бүт организме күч келип жатканын ойлобойбуз.
- фитнеске барбаш керек экен, ага барып баштагандан кийин өмүр бою барбасаң токтоткондон кийин баягы эле салмак болот.
- мен төрөгөндө кайненем жакшы тыңытпай коюп "жел кабыз" болуп кеткем, эми мага эч нерсе жардам бере албайт. Жел таразадан 80-90 кг көрсөтө албайт да туурабы достор? Бул дагы шылтоо.
- таттуулардан баш тарта албайм , аларды жебесем , көңүлүм чөгөт.
- келаткан дүйшөмбү күндөн баштайм.
Жана башка ушул сыяктуу , кээде күлкүлүү, кээде аянычтуу түркүн шылтоолорду ойлоп таап турабыз.
Жок, достор эң биринчи албетте ден-соолук деңизчи, бирок ошол ар бир килограмм ашыкча салмак ден-соолуктун душманы экенин эске алалы.
Эрктүү, сулуу, келбетүү бололу!
Ссылка: https://barometr.kg/toluk-ajymdardyn-aryktoodogu-shyltooloru
Добавить комментарий ×