Толгон-токой ката менен басылып чыккан окуу китептер кайрадан басылып чыгат
Көптөгөн каталар табылган 6-класстар үчүн окуу куралдары оңдолуп, кайрадан басылып чыгат. Бул тууралуу билим берүү министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, 43 миң даана китептерди басмакана өз эсебинен даярдап чыгарат.
Чиновниктердин айтымында, окуу куралдардын стандартка дал келишин Кыргыз билим берүү академиясы текшерип, ал эми редакторлук иш басмаканага жүктөлөт.
Эске салсак, 6-орус класстар үчүн география боюнча китептин дээрлик ар бир бетинен грамматикалык, стилистикалык жана пунктуациялык каталарды журналисттер аныктап чыгышкан. Бул боюнча министрлик басып чыккан басмакананы сотко берген.
Ссылка: https://barometr.kg/tolgon-tokoj-kata-menen-basylyp-chykkan-okuu-kitepter-kajradan-basylyp-chygat
Добавить комментарий ×