Бир убакта Токтогул жана Сузак райондорунун жайлоосуна чагылган түшүп, бир короо малды кырып кетти

6 августа 2018 21:00 1999 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Токтогул районундагы Үч-Терек айылындагы  “Шылдырак” жайлоосуна чагылган түшүп, 41 баш кой эчки өлгөн. Ошол эле күнү Сузак районундагы жайлоодо дагы чагылган 117 койду кырып кеткен. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге ылайык, окуя  “Шылдырак” жайлоосунда 3-августта тункү саат 02:30 чамасында М. М. аттуу жарандын короосунда болгон. Түшкөн чагылган 35 даана эчки жана 6 кой башын бир убакытта күйгүзүп кеткен. Ал эми ошол эле убакытта, ошол эле саатта  Сузак районунун Кызыл-Көл айылындагы "Чал" жайлоосуна дагы түшкөн чагылган бир короо койду кырып салган. 


Ссылка: https://barometr.kg/toktoguldagy-zhajloogo-chagylgan-tshp-bir-koroo-maldy-kyryp-ketti



Добавить комментарий