Токтогулдагы сел 10 турак үйдү каптап, унаа жолду жаап калды

21 июля 2020 10:27 735 Barometr
Поделиться в:
ok

Токтогулда катуу сел 10 турак үйдү жана 240 м чарбалык жолду каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Кечээ,  20-июлда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда сел жүрдү. Үч-Терек айыл аймагында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Саргата айылынын Сатылганов көчөсүндө 3 турак үй, Атабеков көчөсүндө 4 турак үй жана Мадеш көчөсүндө 3 турак үйдүн короолорун суу каптап, жалпы 10 турак үйдүн короосуна кирген. Мындан сырткары Саргата айылынын Кодиков көчөсүнүн 240м ички чарбалык жолун каптап, жол каттамы унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан.

Ошондой эле, Кодиков жана Сатылганов көчөлөрүн байланыштырган көпүрөнүн шакекчелеринин жээгин сел суулары жууп кеткен, жол каттам унаалар үчүн жабык. Жерине райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ, райондук ЖК комиссиясы жана жергиликтүү тургундар тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.

 Бүгүн тазалоо иш-чаралары улантылат.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет туруксуз аба-ырайы тууралуу шашылыш эскертүү таркаткан. 


Ссылка: https://barometr.kg/toktogulda-sel-10-turak-jd-zhana-unaa-zholun-kaptady



Добавить комментарий